Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүОсень в Забайкалье
Осень в Забайкалье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки аптада өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүп, айрым күндөрү гана күн ачык болот.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча келерки жумада өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын жаайт.

6-7-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу
8-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

9-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар түшүп, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

10-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0