Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Саркулов: төрт унаа менен 108 ирет жол эрежесин бузган милиционер кармалды
Өкмөттүн "1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документтин актуалдуулугу Кыргызстандын жол коопсуздугу тутумун реформалоого шартталган.

Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

  • IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
  • транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, айдоочунун жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
  • кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча полисин.

Жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды:

  • мотоциклдин арткы отургучунда;
  • борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
  • баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда. Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.

ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шабданов: "Коопсуз шаардан" бюджетке 260 млн. сом түштү
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чет өлкөлөрдө сыноодон өткөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн "Жаңыдан баштаган айдоочу", "Таксомотор (такси)" жаңы белгилери киргизилди.

"Таксомотор (такси)" белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт.

"Жаңыдан баштаган айдоочу" белгисинин киргизилиши жаш айдоочулардын Кыргызстандагы автожолдордо транспорт каражаттарын башкарууда ар кандай күтүүсүз кырдаалдын алдын алууну шарттайт. Мисалы, айдоочулар бул белгиси бар транспортторго карата коопсуз аралыкты сактайт, ошондой эле алар чыгаарда жол бошотуп беришет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0