Ала-Арча капчыгайы. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

82
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 10-октябрь, бейшемби күнү, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Таласта +18…+23, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14…+19, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +25…+27 градуска чейин жетет.

82
Белгилер:
күн, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ала-Арчанын күзгү керемети! Асмандан тартылган видео