Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө түнкүсүн республикада жамгыр жаабайт. Өлкөнүн түштүк райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болот. 

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22, Ысык-Көлдө +14...+19, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарында жаан-чачын жаабайт, күндүн табы борбор калаада +22...+24 жана Ошто +24…+26 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0