Аялдар тынч жашай алган өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда

© Фото / PixabayОфис кызматкерлери. Архив
Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
National Geographic журналы аялдардын жашоо-турмушу үчүн эң коопсуз өлкөлөрдү тизмектеген. Алдыңкы орундарга Европа мамлекеттери чыкты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. National Geographic журналы аялдардын жашоосуна коопсуз өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан 167 мамлекеттин арасынан 80-орунга илинди.

Биринчи орунга Норвегия, экинчиге Швейцария чыкты. Ал эми үчүнчү орунду Финляндия менен Дания бөлүштү.

Кыргызстандын шаарлары менен айылдарында көмүр канча турат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында көмүр арзан. Инфографика
Кыз-келиндердин шору каткан өлкөлөрдүн сап башында Сирия, Афганистан жана Йемен турат экен.

Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу айтсак, эң бакубат турмушта казакстандык аялдар жашайт. Коңшулар рейтингдин 43-сабын ээлеген. Андан кийин Түркмөнстан (60-орун), Кыргызстан (80-орун) жана Өзбекстан (89-орун) турат. Биздин чөлкөм боюнча акыркы орунда Тажикстан (96-орун) калды.

Рейтингди түзгөндөр өлкөдөгү коопсуздукка, адилеттүүлүк жана аялдардын коомдук-саясий турмушка аралашышына карашкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0