Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / Александр ФедоровСтроительство альтернативной автодороги Север-Юг
Строительство альтернативной автодороги Север-Юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-октябрда республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй аймагында + 17...+22, Таласта + 16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25 градус жылуу болот.

Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө күндүн табы +13...+18 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +22...+24 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0