Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү аба ырайы туруксуз болуп, республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +12 ... +17,  ал эми Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарында +15 ... +20, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +11... +16 градус  болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +14 ... +16, Ошто +17... +19 градус болору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0