Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
22-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ал эми Чүй, Талас жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт.

Маалыматка караганда, абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +16...+21, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +11... +16 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада термометр +11...+18ди көрсөтсө, Ошто +18...+20 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0