Жазында 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт

Жазылуу
2020-жылдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө деп мамлекеттик бюджеттен 928 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кийинки жылдын 12-апрелинде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Тагыраак айтканда, 25 айылдык кеңештин жана Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу шаарларынын депутаттары шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

2020-жылдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө 928 миллион сом сарпталат. Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 560 миллион сом, жергиликтүү шайлоолорго 60 миллион жумшалат.

Айтмакчы, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0