Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиде республикада күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттиги маалымдады.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, ал эми Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +8...+13 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ошто +21...+23 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0