Күн качан сууктайт? Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Асель АкматалиеваБиринчи кар. Архив
Биринчи кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги бир жумада күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызгидрометтин жазышынча, 28-октябрда Ош облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондоруна кар түшөт.

29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Биринчи кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарына кар жаады. Видео
Ал эми 30-31-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Синоптиктердин билдиришинче, Чүй облусунда 27, 29, 30, 31-октябрда тоолуу аймактарда 4 градуска чейин суук болот. Ал эми Төө-Ашууда түндө 13 градуска чейин нөлдөн төмөн түшөт.

Таласта да 27, 29-октябрда 3 градуска чейин суук болот. Нарында 30-31-октябрда термометр түнкүсүн -4 градусту көрсөтөт. Андан сырткары, Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында да аба ырайы нөлдөн төмөн түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0