БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
28-октябрда Ош облусунун тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарына кар жаашы мүмкүн. Ал эми Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 30-октябрда күндүз жана 31-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондоруна кар түшүшү мүмүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүп, абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.