Күн сууктап, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аптанын башында өлкөдө күндүн көзү бузулуп, кар жаай турганын кабарлады.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Подготовка к подаче отопления - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке жылуулук берилчү болжолдуу күн айтылды
Ал эми 5-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болору айтылат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1 сууктан…4 градуска чейин жылыйт. Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 суук болушу күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы жана бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0