Күн качан жылыйт? Синоптиктердин 12-ноябрга чейинки божомолу

Жазылуу
Апта аягында абанын температурасы кайрадан жогорулап, борбор калаада 10 градуска чейин жылуу болору айтылат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Кыргызстанда аба ырайы 8-ноябрдан тарта жылый турганын билдирди.

8-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жаан жаабайт. Тоолуу райондордо унаа жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды
Борбор калаада түнкүсүн 0...2, күндүзү 8...10 градус жылуу болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүзү 10...12 градуска чейин көтөрүлөт. Ушундай эле температура дүйшөмбүгө чейин сакталары айтылат.

Ал эми 9-ноябрда жана 10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.

10-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. 11-ноябрда күндүз жана 12-ноябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0