Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршемби күнү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, ал эми Ысык-Көлдө 0...+5 жана Нарын аймагында -1...+4 градус жылыйт.

Бишкекте кар жаайт, ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +3...+5 жана Ошто +8...+10 градус болору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0