Бала көтөрүп турган аял. Архив

Мамалак, Рамзан Кадыров... 2019-жылы КРде төрөлгөн ымыркайлардын өзгөчө ысымдары

641
"Инфоком" ишканасы кыздар менен балдарга берилген беш сейрек ысымдын тизмесин жарыялады. Алардын арасында президенттин, тасмадагы каармандардын аттары бар.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылы төрөлгөн ымыркайларга берилген сейрек ысымдарды атады.

Маалыматты Мамкаттоонун алдындагы "Инфоком" ишканасы жарыялады.

Балдарга берилген өзгөчө ысымдар:

  • Рамзан Кадыров;
  • Абель Кейн
  • Князь
  • Ахиллес
  • Мамалак

Кыздарга берилген өзгөчө ысымдар:

  • Аврора Венди;
  • Шия;
  • Айзенем Сафия Жизель;
  • Акеана;
  • Артемизия – Дифина.

Мындан сырткары, жыл башынан бери 40 миң 200 түгөй баш кошкону айтылды. Расмий маалыматтар боюнча 174 миң 300 бала төрөлгөн. Жалпы 146 миң кишиге жеке идентификациялык номер ыйгарылган.

641
Белгилер:
ысым, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
2018-жылы ымыркайларга көп коюлган ысымдар айтылды. Рейтинг