Кыргызстанда төрт күндүк дем алышта аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 7-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

8-9-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

10-ноябрда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0