Күн дагы сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктердин билдиришинче, апта ичинде күн ачык болуп, ал эми жума аягында абанын температурасы төмөндөйт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектерине кар түшөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында күн ачык болот. Тоолуу райондордун жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

12-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-14-ноябрь күндөрү өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Апта аягында абанын температурасы төмөндөп, 15-ноябрда кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда жаан-чачын болбойт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0