Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаарынын жанындагы жаңы конуш. Архив
Бишкек шаарынын жанындагы жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Мындай божомолун ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттиги кабарлады.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү, 12-ноябрда, республикада жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас жергесинде +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, ал эми Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +2...+7 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +9...+11 жана Ошто +12...+14 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0