Нарын жаштары ишке ашыра турчу социалдык долбоорлорун тааныштырды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүИшембилик. Архив
Ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгенин уюштуруучулары чет жактан билим алып келгендиктен өз тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, "Лидер бол, жашоону өзгөрт" темасында долбоор жазышкан. Ал эл аралык фонд тарабынан колдоо тапкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Нарын шаарынын демилгелүү жаштары өз аракеттери менен дем алыш күндөрү тазалык акциясын өткөрүп, "Алма-Бак" паркын таштандылардан арылтышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Демилгенин уюштуруучулары чет жактан билим алып келгендиктен өз тажрыйбаларын жаштар менен бөлүшүп, "Лидер бол, жашоону өзгөрт" темасында долбоор жазышкан. Ал эл аралык фонд тарабынан колдоо тапкан.

Манас эпосунун панорамалык музейинин демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүн капчыгайына Манастын музейин курабыз. Ишкер Сарлыкбек уулу менен маек
Аталган долбоордун алкагында 7-10-ноябрь күндөрү Нарын шаарынын 8-11-класстарынын окуучулары үчүн лидерлик сапаттарын өстүрүү жана шыктандыруу максатындагы семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын аягында жаштар өздөрүнүн аракети менен кийинки жылдын февраль айына чейин ишке ашыра турган беш социалдык долбоорду тааныштырышты. Дем алыш күнү өткөн тазалык акциясы ошол долбоорлордун бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0