Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүз айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу жерлерде жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жума күнү, 15-ноябрда, аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, ал эми Ысык-Көл жергесинде +5...+10 жана Нарында +3...+8 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болору айтылды. Күндүн табы борбор калаада +7...+9 жана Ошто +13...+15 градус болору болжолдонду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0