Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан, кар, ал эми тоолорунда кар жаайт. Өлкөнүн тоолуу аймактарында жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 19-ноябрь, шейшемби күнү күндүз республикада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка караганда, абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +7...+12, Ысык-Көл, Нарын жергелеринде +4…+9, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +9…+11 градуска жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0