Кар жаайт! Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 21-ноябрда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында -3...+2, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +2…+7 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +1…+3 градуска жетсе, Ошто +5…+7 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0