БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан "Террорчулуктун глобалдуу индексинде" салыштырмалуу түрдө коопсуз өлкө деп аталды. Бул тууралуу Австралиянын Экономика жана дүйнө институтунун эл аралык эксперттеринин тобу тарабынан даярдалган иликтөөдө айтылат.
Террорчулуктун глобалдуу индекси тигил же бул өлкөнүн ичинде жана тышындагы террордук активдүүлүктүн деңгээли менен бааланат. Мында болуп өткөн терактылар, андан өлгөн жана жапа чеккен адамдардын саны жана келтирген материалдык чыгымы каралып келет. Рейтингде канчалык жогору орунду ээлесе, мамлекеттеги теракт кооптуулугу ошончолук күч деп эсептелинет.
163 өлкө кирген тизмеде Кыргызстан 87-орунду ээлеген. Былтыркы көрсөткүчкө караганда мында мамлекет жети сапка позициясын жакшырта алган. Бул Кыргызстандын террордук кооптуулугу төмөн өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө жол ачты.Борбор Азия чөлкөмүндө эң коопсуз өлкө болуп 138-орунду алган Түркмөнстан табылды. Бул жакта террордук кооптуулук дээрлик жок деп айтууга болот. Бул чекке жакыныраак, башкача айтканда, 135-сапты ээлеп Өзбекстан жайгашкан. Андан соң Кыргызстан (87-орун), Казакстан (85-орун) турат.
Быйыл Тажикстандын көрсөткүчү начар болуп чыккан, 24 сапка жогорулап, тизмеде 50-орунду ээлеген. Мындай көрүнүш бир топ адамды өлүмгө алып келген түрмөдөгү жаңжалдар менен түшүндүрүлөт. Башаламандыкты террорчулук үчүн эркинен ажыратылгандар уюштурган.
Дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөр — Афганистан, анын артынан Ирак, Нигерия менен Сирия дешти.
Ал эми коопсуз мамлекеттер катары рейтингдин түзүүчүлөрү Түркмөнстанды, Белоруссияны, Португалияны, Словенияны, Монголияны, Румынияны, Тогону, Оманды, Кубаны, Түндүк Кореяны жана Сингапурду аташкан.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.