Кыргызстандын кар жааган ашууларында абал кандай? ӨКМ билдирүү таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтар 25-ноябрга карата алынган. Ага ылайык, ашууларда жааган кардын бийиктиги 2 сантиметрден 37 сантиметрге чейин жетет. Айрым жолдор тайгак, муз тоңгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги негизги унаа жолдорундагы ашууларга жааган кардын бийиктиги боюнча билдирүү таратты.

Маалыматтар 25-ноябрга карата алынган.

Бишкек — Ош автоунаа жолундагы (121-128-чакырымдарында) Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 сантиметр. Ал эми түштүк тарабында (132-137- чакырымдарында) 15-55 сантиметрди түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.

Өтмөк — Талас автоунаа жолундагы (0-14-чакырымдары) Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-37 сантиметр, жол тайгак.

Бишкек — Ош автоунаа жолундагы (198-246-чакырымдарында) Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайындагы жолдун айрым жерлеринде тайгак, муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 10-42 сантиметрди түзөт.

Бишкек — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-28 сантиметрди түзөт. Жол ачык.

Каракол — Эңилчек жолундагы (55-92-чакырымдарында) Чоң-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-25 сантиметр. Жолдордун айрым жерлери тайгак, муз тоңгон.

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда (62-68- чакырымдарында) кардын орточо бийиктиги 5-18 сантиметр, жолдор тайгак болуп муз тоңгон. Түп — Кеген жолунда (43-76- чакырымдарында) кардын орточо бийиктиги 2-12 сантиметрге жетет.

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолундагы (75-100-чакырымдарында) Чапчыма ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-26 сантиметрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0