ӨКМ кайрадан шашылыш билдирүү таратты. Күн кескин сууктайт

Жазылуу
Абанын температурасынын төмөндөшү айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Эртең, 27-ноябрда, абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ысык-Көлдө жана Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болушу ыктымал. Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0