Кыргызстанда дем алуу органдарынын илдетине чалдыккандар көп. Статистика

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы көрсөткүчтүн эң көп үлүшүнө дем алуу органдарынын оорусуна чалдыккандар туура келген. Мындай тенденция ЕАЭБ өлкөлөрүндө да байкалууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2018-жылы кыргызстандыктар башка илдеттерге караганда (37,5 пайыз) дем алуу органдарынын ооруларына көп чалдыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

"Кийинки орунда тамак сиңирүү органдарынын (8,1) оорусу турат. 7,1 пайыз жыныс системасынын илдеттерине, 5,7 пайыз жугуштуу, мите ооруларына, жаракаттарга жана ууланууга туура келди", — деп айтылат маалыматта.

Дем алуу органдарынын оорусунун ичинен жогорку дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясы (78 пайызы) кенен жайылган. Мындай тенденция ЕАЭБ өлкөлөрүндө да байкалганы айтылды.

Айтмакчы, Кыргызстандын кайсы аймагында кургак учукка чалдыккандар көп экендигин Sputnik Кыргызстан жасаган инфографикадан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0