Тамактанып жаткан бала. Архив

Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика

192
(жаңыланган 14:15 05.12.2019)
Бардык көйгөйлөргө карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында "ачка жараны жок" мамлекет боло аларын ФАОдон белгилешти.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. БУУнун соода-сатык жана айыл чарба уюму Sputnik агенттигине Кыргызстандагы соода коопсуздугу жана тамактануу боюнча кырдаалды көрсөткөн инфографика жөнөттү.

2016-жылдан 2018-жылга чейинки байкоолорго караганда, Кыргызстанда ар бир 15инчи жашоочу курсагы тое тамак жебейт.

Өлкөдөгү ар бир жетинчи баланын бою өз курагындагылардан кичине.

Ситуация с продовольственной безопасностью и питанием в Кыргызстане.
© Продовольственная и сельскохозяйственная организация ООН
Өлкөдөгү ар бир жетинчи баланын бою өз курагындагылардан кичине

Ар бир 35-өспүрүм өтө арык.

Ар бир алтынчы кыргызстандык ашыкча салмак менен жабыркайт.

Ар бир 14-өспүрүм ашыкча салмак менен жабыркап келет.

Республикадагы ар бир үчүнчү аял анемиядан жапа чегет.

Ашыкча салмак менен жабыркаган жана бою өспөй калган балдардын облустар боюнча көрсөткүчү

Ситуация в разрезе областей по детям, страдающим от избыточного веса и отстающим в росте
© Продовольственная и сельскохозяйственная организация ООН
Ашыкча салмак менен жабыркаган жана бою өспөй калган балдардын облустар боюнча көрсөткүчү

ФАОдон билдиришкендей, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү, ун менен туздун микроэлементтер менен байытылышы жана окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо сыяктуу көрүлгөн иш-аракеттердин арты менен мамлекеттеги соода коопсуздугу жакшырган. Мындан улам өтө арык жана бою курагына жараша өспөй жаткан балдар дагы азайган.

Создание благоприятных условий для лучшего питания
© Продовольственная и сельскохозяйственная организация ООН
Азык-түлүктүн курамын микроэлементтер менен байытуу аракеттери жүрүүдө

Анткен менен мамлекетте чоңдор менен балдардын ашыкча салмак менен жабыркашы жана анемияга кабылган аялдардын саны жогору бойдон калууда.

Бирок буга карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында "ачка жараны жок" мамлекет боло аларын ФАОдон белгилешти.

192
Белгилер:
балдар, айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, БУУ
Тема боюнча
Ракка чалдыккан өспүрүм кызга рецепт жазып бербей... Бишкектеги окуя