Күн кескин сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар ойноп жаткан жаштар. Архив
Кар ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер апта ичинде жаан-чачын күтүлбөй турганын, ал эми  жума аягында абанын температурасы төмөндөөрүн билдирди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦти көмүрдөн газга которсо болобу? Энергохолдингдин жообу
Маалыматка ылайык, 10-декабрга чейин өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.

11-12-декабрь күндөрү кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Апта аягы, 13-14-декабрда, айрым аймактарда жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0