Статком: Кыргызстанда пара менен кармалгандардын саны кескин азайды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-2018-жылдардын аралыгындагы статистика боюнча өлкөдө жылына 27-29 миңдин тегерегиндеги кылмыш катталган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Соңку убакта пара алуу боюнча катталган фактылардын саны кескин кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Аталган ведомство 2014-2018-жылдар аралыгындагы кылмыштар боюнча статистиканы жарыялаган. Ага ылайык, катталган кылмыштардын саны жыл сайын 27-29 миңдин тегерегинде болот.

Тагыраак айтканда, адам өлтүрүү, кол салуу, карактоо жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү кылмыштары азайган. Ал эми уурулук көбөйгөнү белгиленген.

Ошол эле учурда пара алуу фактылары кыскарганы айтылат.

  • 2014 — 122 факты;
  • 2015 — 123 факты;
  • 2016 — 100 факты;
  • 2017 — 57 факты;
  • 2018 — 45 факты.

Кылмыш саны эмненин негизинде азайганы түшүндүрүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0