Күн качан ачылат? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, апта ичи суук болот. Жуманын башында жана аягында кар жаап, жолдор тайгак болору айтылды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, 15-декабрдан баштап кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Церемонии зажжения главной новогодней елки Кыргызстана площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Өсөт деген ушу! Майрамдан кийин борбордук аянттан таштанды дээрлик чыккан жок
16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жааса, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-17-18-декабрь түнү кар жаабайт. 18-декабрда кайра күндүн көзү бузулуп кар жаашы ыктымал. 19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

20-21-декабрларда мезгил-мезгили менен кар жаашы божомолдонууда. Абанын температурасы өзгөрүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0