Кыргызстандын кайсы шаарында эттин баасы арзан? Статистика

Жазылуу
Улуттук статистика комитети өлкөнүн негизги шаарларындагы базарларга байкоо жүргүзүп,  эттин баасын аныктаган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын шаарларынын ичинен эң арзан уй эти Таласта сатылат. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Уй этин кымбат баада саткан шаарлардын сап башына Бишкек чыккан. Борбор калаада бир килограммы 356,81 сом болсо, Таласта 300 сом экени айтылат. Баалар 16-декабрга карата алынган. 

Кыргызстандын шаарларындагы уй этинин баасы. сом менен
Кыргызстандын кайсы шаарында эттин баасы арзан? Статистика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларындагы уй этинин баасы. сом менен

Айрым аймактарда декабрда уйдун этинин баасы  ноябрга салыштырмалуу 2,32 сомго же 0,7 пайызга жогорулаган. Бирок көп шаарларда өзгөрүүсүз сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0