Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +7…+12, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +8…+13, Ысык-Көл аймагында +2…+7 градус жылуу, ал эми Нарында термометрдин көрсөткүчү -7...-12 градуска төмөндөйт.

Ал эми күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9…+11, Ошто +10…+12 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0