Кыргызстанда дээрлик бардык көчөлөргө аталыш берилип бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилиши. Архив
Эркиндик жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстанда аталышы жок көчөлөр 5,3 пайызды түзөрүн, эл каттоо иш-чарасы башталганга чейин аларга аталыш берүү тапшырмасын койгон.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда дээрлик бардык көчөлөргө аталыш берилип бүттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Улуттук статистика комитетинин Эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева билдирди.

"Ат бериле элек көчөлөрдүн 0,9 гана пайызы калды. Айрым жерлерде көчөнүн аты көрсөтүлгөн такталар тагыла элек, бирок мындайлар абдан аз. Жылдын акыркы күнүнө чейин бардыгы ордуна коюлат", — деди Кудакеева.

Пресс-конференции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстанда аталышы жок көчөлөр 5,3 пайызды түзөрүн, эл каттоо иш-чарасы башталганга чейин аларга ат берүү тапшырмасын койгон. Маалыматка караганда, аталышы жок көчөлөр көбүнесе Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Баткен облустарында.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет. Бул жолку эл каттоонун өзгөчөлүгү — иш-чара алгачкы жолу электрондук форматта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0