Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРезультаты выборов в Жогорку Кенеш 2015
Результаты выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл жаңырарына аз калды. Келе жаткан 2020-жылы Кыргызстан саясий-коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга бай болчудай.

Өлкөдө калктын көйгөйүн чече турган, бушайманга да сала турган дагы өзгөрүүлөр болору маалым болду. Жыл этектеп келе жатканына байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 2020-жылы өлкөдө боло турчу маанилүү окуяларга көз чаптырды.

Парламенттик шайлоо

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу мөөнөтү — 4-октябрь
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу мөөнөтү — 4-октябрь

Бул келерки жылдагы эң маанилүү саясий окуя болот. 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу мөөнөтү — 4-октябрь. Аны так белгилөө боюнча чечим 26-июндан 6-июлга чейин кабыл алынат.

Ал эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2015-жылы 4-октябрда өтүп, алты партия жеңишке жеткен болчу.

Токио Олимпиадасы

© AFP / KAZUHIRO NOGIЖайкы XXXII Олимпиада оюндары Япониянын борбору Токио шаарында өтөт
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Жайкы XXXII Олимпиада оюндары Япониянын борбору Токио шаарында өтөт

2020-жылы спорттогу маанилүү делген жайкы XXXII Олимпиада оюндары Япониянын борбору Токио шаарында өтөт. Мелдеш 24-июлдан 9-августка чейин уланат. Анда 33 спорттун түрү боюнча 339 медалдын топтому ойнотулары айтылууда. Олимпиада оюндарына Кыргызстан расмий түрдө чакыруу алган. Учурда өлкөнүн куржунунда 5 лицензия бар. Тагыраагы, жөө күлүктөр Дарья Маслова менен Юлия Андреева, балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жолдомо алган.

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2020-жылы Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын кайчылаш жылы деп жарыяланат
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын кайчылаш жылы деп жарыяланат

2020-жылы Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын кайчылаш жылы деп жарыяланат. Эки өлкөнүн кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Бишкекте өтөрү күтүлүүдө. Анын алкагында 150дөн ашуун иш-чара пландалган. Мындай тажрыйба КМШ мамлекеттеринде биринчи жолу ишке ашмакчы.

Дубайдагы ири көргөзмө

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДубай шаары
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Дубай шаары

"ЭКСПО-2020" көргөзмөсү 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтөт. Иш-чаранын негизги темасы "Акыл-эсти бириктирүү, келечекти куруу" деп аталат. Көргөзмөгө келгендер илимий-техникалык инновациялар, экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр, адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү сындуу түрдүү багыттарга күбө болушат. Иш-чарага 180 өлкө катышары күтүлүүдө. Кыргызстан да ал жакка чакыруу алып, Дубай тарап өлкөгө эки кабаттуу павильон бөлүп берген

Калкты каттоо жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын желеги

Эл каттоо — БУУнун сунушу менен ар 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статисттери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө. Анда жарандарды социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча расмий эсепке алуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы менен өлкөнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасын талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Кыргызстанда аталган иш-чара 2020-жылдын жаз айларында өтөт. Бул жолкусу КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эл каттоо процесси менен туш келет.

Түркиядагы Көчмөндөр оюндары

 

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөнү маалым. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган болчу. Жакында эле мелдеш Түркиянын Бурса аймагында өтөрү белгилүү болду.

Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан демилгеленген. Мелдеш этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган.

Бушайманга салган бажы төлөмү

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүУнаа ташуу
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Унаа ташуу

Экономика министрлиги июль айында жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Кийинчерээк аны төрт жылга узартууга ниеттенип, төлөм өлчөмүн да бийлик өзү белгилегени анык болгон. 20-ноябрда Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке какты.

Эми жеңилдиктер 2019-жылдын 31-декабрында токтойт, ал эми келерки жылдын башынан тарта ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн КРге ташып келинген унааларды бажылык жол-жоболоштуруунун баасы кыйла жогорулайт.

Апрель окуясына 10 жыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларга гүл коюуда
Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларга гүл коюуда

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Анын алкагында иш-чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, аны президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жетектемей болгон.

2010-жылдагы апрель окуялары 123 адамдын өмүрүн кыйган. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жуумп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон. 7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет.

2020-жылы Кыргызстанда эмнелер курулат?

Стоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге - Sputnik Кыргызстан
Бажы акысы баары бир кымбаттамай болду, унаа базарын кандай күн күтөт. Пикирлер
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-2020-жылдардын бюджетин бекитүү мыйзамы каралып жатканда кийинки жылы жасала турган иштер боюнча маалымат берген болчу.

Өкмөт башчынын айтымында, 200гө чукул билим берүү мекемеси курулуп жана оңдоодон өтөт. Анын ичинен 17 авариялык мектептин ордуна жаңысы курулуп, Сауд Аравиясынан келген каражатка дагы 29 мектеп салынат.

Өкмөттүн дагы башка убадалары төмөндөгүдөй:

  • 117 айылды таза суу менен камсыздоо;
  • Каналдары талкаланып, арыктары тосулган 18 миң гектар жерди ишке киргизүү;
  • 1,5 миң гектар жаңы сугат жерди пайдаланууга берүү;
  • Жер-Үй алтын кенин толугу менен ишке киргизүү;
  • 280 миллион долларлык логистикалык борбор куруу;
  • Терек-Сай айылына 100 миллион долларлык алтынды кайра иштетүүчү фабрика салуу;
  • Ош шаарындагы жеңил өнөр жай фабрикасын толугу менен ишке киргизүү;
  • Абылгазиев мунун баары республикалык бюджеттен жана донорлордон келген каражаттын эсебинен жасаларын билдирди. Жергиликтүү бийликтин бюджетинен жасалчу жумуштар жогорку тизмеге кирген эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0