Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук опера жана балет театрында белгилүү режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу азми. Архив
Кыргыз улуттук опера жана балет театрында белгилүү режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу азми. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өтүп бараткан жыл оңой болгон жок. Жакшы саамалыктар менен катар кыргыз эли оор жоготууларга да дуушар болду. Көзү өткөндөрдүн ичинде элге эмгеги сиңген залкарлар, эл көзүнө жаңыдан көрүнүп келе жаткан жаштар да бар эле...

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2019-жылы көзү өткөн мыктыларды, белгилүү адамдарды тизмектеди.

3-январь. 2019-жыл жаңыраары менен Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбү Нурманбетова 62 жашында оорудан улам көз жумду. Эсенбү Нурманбетова 1984-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеген. Ага 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы берилсе, 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгынан кийин "Эл артисти" наамы ыйгарылган. Эмгек жолунда "Айчүрөк" (Калыйман), "Манас" (Канайым), "Ажал ордуна" (Зулайка), "Токтогул" (Валентина) операларында роль жараткан.

11-февраль. Бул күнү кыргыз эли дагы бир кызынан ажырады. Тагыраагы, өмүрүн балет өнөрүнө арнаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Асымкүл Баетова 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин катарын толуктап турчу. Замандаштары Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилова, Сайнат Жакобаевалар менен биргеликте классикалык хореографияны калың элге кеңири жайылткандардын бири. "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", "Жизель", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лауренсия", "Франческа да Римини", "Бахчисарай фонтаны", "Шопениана", "Дон Кихот", "Спартак", "Баядерка", ал эми улуттук спектаклдерден "Анар", "Куйручук", "Асел" жана башка бир топ чыгармаларда роль жараткан.

© Фото / предоставлено Калперизат АйдарбековойЖурналист Жайнагүл Тазабекова
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Журналист Жайнагүл Тазабекова

Ушул эле күнү, 11-февралда, журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болгону маалымдалды. Ал жолдошу жана алты айлык кызы менен кырсыктаган. Күйөөсү автоунаасын айдап бара жатып мамыны сүзүп алган. Мунун кесепетинен келинчеги оор жаракат алып, ооруканага жетпей үзүлгөн. Жайнагүл Тазабекова 28 жашта болчу, артында алты айлык бир кызы калды. Ал Кыргыз-түрк "Манас" университетинде коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө окуп, "Биринчи радио", "Санжыра" радиолорунда жана "Ала-Тоо 24", "Пирамида" телеканалдарында иштеген.

20-март. Бул күнү КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев 57 жашында каза тапты. Ал көптөн бери боор циррозу менен жабыркап келген. Сазаев Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектеген.

22-март. Сазаевдин сөөгүн жерге берген күнү журналист Бабырбек Жээнбеков бул дүйнө менен кош айтышканы кабарланды. 68 жаштагы Жээнбеков узакка созулган оорудан көз жумган. Ал 2013-2014-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин жетектеп, "Алиби" гезитинин башкы редактору болгон.

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева

Апрелдин алтысында театр өксүдү. Бул күнү КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын каза тапканы айтылды. Балыкбаева көптөн бери ооруп жүргөн. Ал өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип жаткан. Ал КРдин эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле.

Апрель айынын аягында Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, "Манас" ордени, "Даңк" медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды. Ал театрда жарым кылымдан ашуун эмгектенип, дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө белгилүү болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти Нуртай Борбиев
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти Нуртай Борбиев

8-июнь. Кыргыз эли көрүнүктүү режиссерунан ажырады. КР эл артисти Нуртай Борбиев 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү режиссер жана оператор көптөн бери ооруп жүргөн. Ал атамекендик кино тармагында көп жыл эмгектенип, ондогон даректүү тасма тарткан. Андан сырткары, "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Маңкурт", "Кошой таш" көркөм тасмаларын жаратып, "Көчө", "Саманчынын жолунда" роль аткарган.

Ушул эле күнү Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы Мырзабек Тойбаев ондогон поэтикалык, прозалык жана курч публицистикалык чыгармалары менен бирге бир топ драматургиялык чыгармаларды элге тартуулаган.

28-июнда легендарлуу парламенттин депутаты, айыл чарба илими боюнча доктор Кыргызбай Алагушев каза тапты.

© Фото / пресс-служба ЖКӨкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев

16-июль. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев 67 жашында оорудан улам дүйнө салды.

10-август. КР эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында каза тапкан. Нургазиев живописчи катары Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири болчу. Анын сүрөттөрү бир топ эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. 1985-жылдан тарта республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка).

22-августка караган түнү ардегер журналист Кемел Тойбаев 91 жаш курагында көз жумду. Анын эмгек жолунун басымдуу бөлүгү "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде өткөн. Гезитте жооптуу катчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБелгилүү эколог, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Эмил Шүкүров
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү эколог, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Эмил Шүкүров

23-август. Белгилүү эколог, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Эмил Шүкүров 81 жашында көз жумду. Эколог узак убакыттан бери сыркоолоп жүрчү.

6-октябрь. 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык конкурстардын жана сыйлыктардын лауреаты, бийчи Арстанбек Ирсалиев каза болду. Ал балетте "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", "Жизель", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лауренсия", "Франческа да Римини", "Бахчисарай фонтаны", "Шопениана", "Дон Кихот", "Спартак", "Баядерка" спектаклдеринде негизги каармандардын ролун ойногон. Мындан сырткары, "Анар", "Куйручук", "Асел", "Саманчынын жолу" жана башка спектаклдерде да кайталангыс образдарды жараткан. Баса белгилесек, Арстанбек Ирсалиев "Космонавттар көчөсү" тасмасында Сардардын ролун аткарган.

17-сентябрь. Кыргызстандык зергер-дизайнер Виктор Сырнев каза болду. Сырнев — дүйнөлүк деңгээлдеги зергер-дизайнер эле. Ал 78 жашында ооруканада каза тапкан. Сырнев Кыргызстандын үч президентине — Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековго президенттик төш белгилерди жасаган.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРБелгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова

12-октябрь. Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Чынара Токонова
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Журналист Чынара Токонова

4-ноябрь. Жыл аяктап баратканда кырчындай жаш өмүрлөр соолуду. Алардын бири журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кездерде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.

10-ноябрь. Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиеванын дүйнөдөн кайтышы да көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту. Комузчу 44 жаш курагында көз жумду. Орозалиева узак убакыттан бери оору менен алпурушуп жүргөн. Ал акыркы жылдары Улуттук консерваторияда окутуучулукту аркалап, бир топ шакирттерди даярдаган.

© Фото / Медиастар Төкмө акын Акжолтой Канат уулу
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Акжолтой Канат уулу

11-ноябрь. Төкмө акын Акжолтой Канат уулу ойноп-күлөр кезинде жол кырсыгынан каза болуп, көпчүлүктүн кабыргасын кайыштырды. Ал төкмө акын Майра Керим кызынын уулу эле. Жол кырсыгынан аны менен кошо жаңы эле баш кошкон жубайы жана эки досу да мерт кеткен. Төкмө акын, актер Акжолтой ырчылык өнөрдү да аркалап келе жаткан.

7-декабрь. Жол кырсыгы декабрдын башында журналист Мырза Добутовдун өмүрүн алды. Добутов кырсыкка Россиядан кабылган, болгону 49 жашта эле. Кезинде ал КТРКда иштеп, Баткен облустук телеканалдын жетекчиси болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев

21-декабрь. Жыл соңунда кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев 78 жаш курагында дүйнө салды. Шамшиев "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка белгилүү кинолорду ийине жеткире тарткан.

Жаткан жерлери жайлуу болсун. Өтүп кеткендердин элеси жана эмгеги ар дайым эсте!

Жаңылыктар түрмөгү
0