Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29 -дек. — Sputnik. 30-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош менен Баткендин тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарындын кээ бир аймагында кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3…+8 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -10…-15 градус суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында кар жаайт. Борбор калаада күндүн табы +3…+5 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +6…+8 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0