Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды эмне деп жарыялаганын айтты

Жазылуу
Мамлекет башчы балдардын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу көңүл борборундагы маселе экенин белгиледи.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап жатып билдирди.

Мамлекет башчы айылдыктар өнүгүүнү сезгенден кийин гана аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаты өз максатына жетерин белгилеп, бул багытта 2020-жылы да бир топ иштер жасаларын эскертти. Ошондой эле быйыл мамлекеттик органдардын баары санариптештирилерин айтты.

"Ар бир адам үчүн бала жашоонун маңызы, ар бир ата-эне бала үчүн бардыгын жасоого даяр. Ошентсе да балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу көңүл борборундагы маселе. Ушул максатта 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" деп жарыялоону чечтим", — деди Жээнбеков.

Эске салсак, 2018-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылы", 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0