Чек арадагы чыр: Өзбекстан кыргызстандыктардын малын кайтарып берди

Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине өтүп кеткен малдан улам кыргызстандыктар менен Өзбекстандын аскер адамдарынын ортосунда чыр чыккан.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин 520 баш мал кыргыз тарапка өткөрүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Председатель ГПС КР Уларбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шаршеев: быйыл кыргыз-тажик чек арасында 13 чыр-чатак катталды
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине өтүп кеткен малдан улам кыргызстандыктар менен Өзбекстандын аскер адамдарынын ортосунда чыр чыккан.

Эки тараптын жолугушуусу учурунда абалдын чыңалып кетишине жол бербөө боюнча сүйлөшүлгөн. Натыйжада мал ээлерине кайтарылып, кыргызстандыктар Өзбекстандын аскер адамдарына эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Ушу тапта эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Чек арадагы абал туруктуу деп бааланууда.

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз-өзбек чек арасы 1388 чакырымга созулат, алардын 1170,53 чакырымы такталган. 2017-жылдын сентябрында кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча макулдашуу келишимине кол коюлган.

Эки жактын жумушчу топторунун жолугушууларынын натыйжасында калган 217 чакырымдан 160 чакырым узундуктагы тилкелердин сызыктары чийилген. Ушул тапта макулдашылбаган 10 чек ара тилкеси бар, алар боюнча жумушчу топтордун деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жумушчу топтор Өзбекстан менен чектеш жерлерди делимитация жана демаркациялоо иштерин кызуу аткарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0