Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Жээнбековдун айтымында, бул күн — өлкөдө белгиленген маанилүү майрамдардын бири. Ал ар бир адамды кайрымдуулук жана жакшы иш жасоого үндөп, айланадагы адамдарга кол сунууга чакырат.

 

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Президенттин куттук сөзүн маалымат кызматы жарыялады.

Анын айтымында, бул күн — өлкөдө белгиленген маанилүү майрамдардын бири. Ал ар бир адамды кайрымдуулук жана жакшы иш жасоого үндөп, айланадагы адамдарга кол сунууга чакырат.

"Биздин мамлекет анда жашаган ар бир улуттун салттуу динине сый менен мамиле жасайт. Көп улуттуу өлкөбүздө биримдик гана коомдуу өнүктүрө алат", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Өлкө башчы Рождество майрамында адамдардын ортосундагы мамиле мындан ары дагы бекемделишине тилектеш экенин билдирген. Ошондой эле кыргызстандыктарга бекем ден соолук, тынчтык, бакыт жана ийгилик каалап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0