Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан кыз. Архив
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактар боюнча карай келгенде, өлкө боюнча берилген насыянын жарымынан көбүн Бишкек шаарында жашагандар алышкан.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандын коммерциялык банктары 409,7 миллион сомдук кредит берген. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында жазылган.

Аймактар боюнча карай келгенде, өлкө боюнча насыянын жарымынан көбү Бишкек шаарындагыларга берилген. Ал эми Талас облусу эң аз суммада кредит алганы айтылат. Белгилей кетсек, насыялардын суммасы аймактарда жашаган калктын санына да байланыштуу болот.

Облус жана шаар боюнча берилген насыялардын суммасы:

  • Бишкек шаары — 228,3 миллион сом;
  • Ош облусу — 50,4 миллион сом;
  • Жалал-Абад облусу — 39,1 миллион сом;
  • Чүй облусу — 30,7 миллион сом;
  • Ысык-Көл облусу — 23,9 миллион сом;
  • Баткен облусу — 13,6 миллион сом;
  • Нарын облусу — 12,2 миллион сом;
  • Талас облусу — 11,5 миллион сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0