Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүНациональный парк "Зюраткуль" в Челябинской области
Национальный парк Зюраткуль в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 20-январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган өрөөндөрдө күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Аяз киши жасап жаткан үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар дагы жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Таласта -4…+1, Ысык-Көлдө 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында -1…+4, Нарын жергесинде -12…-17 градуска чейин суук болушу ыктымал.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт, күндүн табы борбор калаада -1…+1 градуска жетсе, Ошто бул көрсөткүч 0…+2 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0