Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Таластын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү, 22-январда, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл аймактарында -3...+2, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 0...+5 градус жылуу, Нарын жергесинде -10...-15 градус суук болот.

Бишкекте термометрдин көрсөткүчү 0...+2 градус болуп, кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, +2...+4 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0