Депутат: чиновниктер кендин лицензиясын чет элдиктерге сатып байып жатат

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Өмүрбек Бакиров. Архив
Депутат Өмүрбек Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, чиновниктер кендерди чет элдиктерге миллиондогон баага сатууда. Алар чет өлкөгө канчасын ташып кетип жатканына тийиштүү көзөмөл жок.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы кен байлыктардын көбүн аткаминерлер жеке менчикке алып койгон. Бул туурасында депутат Өмүрбек Бакиров парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү тоо-кен тармагында башалмандык болуп жатканын белгилеп, анын үч себебин атап берди.

"2018-жылы тоо кен тармагынан бюджетке 10 миллиарддан ашуун сом пайда түшүптүр. Бир эле чиновник ондогон лицензияга ээ болуп Кытай сыяктуу каалаган мамлекетине миллиондогон акчага сатып өзүлөрү байып жатат. Ал эми карапайым эл талаалап, мигрант болуп жүрөт. Бул лицензияларды кайтарып алсак болот. Ал эми сыртка чыгып жаткан концентрант, рудаларды көзөмөлдөөчү бир да мамлекеттик көзөмөл жок. Баары кагаз түрүндө жасалган, иш жүзүндө эч нерсе жок. Мындан тышкары, биздин кендерде канча алтын, күмүш, жер бар экенин Кара-Балтадагы чет өлкөнүн жеке менчик лабораториясы аныктап жатат. Биз өзүбүздүн байлыкты мамлекеттик лабораторияда аныкташыбыз керек. Бул жерде дагы илгертен бери келе жаткан чоң коррупция бар", — деди Бакиров.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицензия чыры: жетекчи сөгүш алып, орун басарлары иштен кетти
Ошондой эле ал тоо-кен тармагын караган органдарга сурам жиберип ар башка жооп алганына кейиди.

"Сыртка канча руда, канча концентрант чыгып жатат деп сурасам ар кимиси ар башка маалымат берди. Бирөө "2019-жылы 11 мамлекет сыртка ташып кеткен" десе, Экономика министрлиги "үч компания" дейт. Бул жерде дагы башаламандык", — деди депутат.

Бакиров төрага Дастан Жумабековго ушул маселе боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0