Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү, 26-январда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көлдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй , Талас облустарында -3 ... +2, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0 ... +5, Нарын өрөөнүндө -7 ... -12, Ысык-Көлдө -2 ... +3 градус жылуу болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбор калаада 0...2 градуска чейин жылуу болсо, Ошто 3...5 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0