Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаап, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын кээ бир аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаап, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймагында -1...+4, Талас жергесинде -3...+2, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз кар жаап, Ош калаасында күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +1...+3, Ошто +2...+4 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0