Өкмөт милдеттүү техникалык кароону кайтарып келүү ниетинде

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАвтоунааны техникалык кароодон өткөрүү. Архив
Автоунааны техникалык кароодон өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт министрлигинен автоунаалардын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында техникалык текшерүү процедурасын кайтарып келүү концепциянын негизги багыттарынын бири экендигин айтышты.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстанда техникалык кароону милдеттүү түрдө кайра киргизүүгө ниеттенип жатат.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Оторов: техникалык кароо акысын онлайн төлөмгө өткөрүү керек
2020-2024-жылдарда автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн концепциясына министр Жанат Бейшенов 15-январда кол койгон. Документ өкмөттүн сайтына 31-январда жарыяланган.

Автоунаалардын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында техникалык текшерүү процедурасын кайтарып келүү концепциянын негизги багыттарынын бири экендиги белгиленген.

Транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү тууралуу ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу токтоосуз көрүлө турган чаралардын бири болуп эсептелинет. Транспорт министрлигинен учурда техникалык кароодон жүк жана жүргүнчүлөрдү ишкердик максатында ташыган автокөлүктөр өтүшү керектигин айтышты.

Техникалык кароого кайтып келүүнүн так мөөнөтү азырынча белгисиз.

Андан сырткары, алдыда дагы бир топ иштер жасалышы керек. Алар — жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорттук каражаттардын паркын жаңыртуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү, ири жана орто көлөмдөгү автобустарды жана жүк ташуучу автомобилдерди лизингге алууга шарт түзүү.

Ушу тапта автобус жана троллейбустардын санын арттырып, коомдук транспорттун алкагын кеңейтүү, автобустар жана жүк ташуучу автомобилдердин паркын жаӊылоо зарылчылыгы тургандыгын айтышты.

Концепция менен кенен өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.

Техникалык кароо 2012-жылы алынгандан кийин текшерүүдөн милдеттүү өтө турган автоунаалардын (жүк ташуучу автоунаа, кичи автобустар, автобустар) тизмеси бекитилген. Акыркы мезгилдери бул эрежеге кайтып келүү маселеси көтөрүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0