Жээнбеков: төрт жылда Кыргызстандын бардык аймагы таза суу менен камсыз болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймагы таза суу менен камсыз болору маалымдалып, эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болорун айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков акыркы жылдары 107 айылга таза суу жеткенин белгилеп, эл аралык финансылык институттардын каржылоосу менен 588 айылдын тизмеси түзүлгөнүн кошумчалады.

"2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болот", — деди Жээнбеков.

Президенттин маалымат кызматы калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын каражат бөлүнүп, эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылып жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0