Шашылыш билдирүү! Кар жаап, күн сууктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетери кабарланды. Синоптиктер абанын температурасы бир топ төмөндөй тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Келерки жумада Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-февраль күнү өрөөндөрдө түнкүсүн жамгыр, кар жаайт.

Каракол лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муз тээп жабыркагандар. Лыжа базаларынын медициналык тейлөөсүн ким көзөмөлдөйт?
10, 11 жана 12-февралда Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жаан-чачын көбүрөөк түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгалак болот.

Бир катар райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетери кабарланды.

Синоптиктер абанын температурасы бир топ төмөндөй тургандыгын айтты.

ӨКМдин маалыматына караганда, 13-14-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн, бирок абанын температурасы көп деле өзгөрбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0