Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирди

Жазылуу
Рейтинг турак жайдын ижара акысы, азык-түлүктүн наркы, ресторандардагы тамактардын баасына карап түзүлгөн.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. CeoWorld Magazine басылмасы жарыялаган рейтингде Кыргызстанда жашоо эң арзан деп табылды.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек кайсы орунда? Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтинги түзүлдү
Аталган басылма жашоо-тиричилик минимуму кымбат 132 мамлекетти тизмектеген. Ал рейтингде Кыргызстан 127-орунду ээлеген. Жашоосу Кыргызстандан да арзан деп коңшу Өзбекстан, Сирия, Индия, Афганистан жана Пакистан өлкөлөрү көрсөтүлгөн.

Ал эми эң кымбат мамлекеттердин сап башында Швейцария, Норвегия, Исландия, Япония, Дания, Багам аралы, Люксембург, Израиль, Сингапур жана Түштүк Корея турат.

Рейтинг өлкөдөгү турак жайдын ижара акысы, азык-түлүктүн наркы, ресторандардагы тамактардын баасы жана калктын сатып алуу жөндөмүнө карап түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0